Текст песни Баястан — Зынк

Слова песни Баястан — Зынк
YouTube видео
Баястан — Зынк
  • Название песни: Зынк

  • 0
    0
    Баястан — Зынк текст песни
    Зыңк зыңк
    Мага кереги жок көп акча
    Зыңк зыңк
    Мага кереги жок тапанча
    Зыңк зыңк
    Сүйлөбөймүн сага ашыкча
    Зыңк Зыңк менде баары
    Зыңк Зыңк менде баары

    Баяс Баяс болуптур, темир тулпарга конуптур
    Тебетей кийсе жарашып, табити баатыр болуптур
    Тегерек четин тердетип
    Терең сөз терип олуттуу
    Терме сөз рэптен берип (берип)
    Тентектигин койбоптур Ээй
    Телеберүүдөнбү, телефонбу, толкунданбы ээй
    Толкунданбай уккан барбы мени жулкунбай, ээй
    Жуктурупсуң Баястандын музыкасын, басын, ээй
    Рэптин басымын ээй, кептин асылын эээй

    Зыңк зыңк
    Мага кереги жок көп акча
    Зыңк зыңк
    Мага кереги жок тапанча
    Зыңк зыңк
    Сүйлөбөймүн сага ашыкча
    Зыңк Зыңк менде баары
    Зыңк Зыңк менде баары

    Жактырасыңбы, жактырбайсыңбы
    Жадырап төгөм сап-сап
    Жамандайсыңбы, жымындайсыңбы
    Ашкере заманбап
    Сенин каш карегиңде рэп гана
    Жаш калемиңде рэп гана
    Түш түндөрүбү, иш күндөрүбү
    Башыңды Баястан жеп гана
    Машинаданбы, суши барданбы, ашканаданбы, таш талааданбы
    Каякты караба, ар жерде заманбап
    Баястан ырлары кулагын такалап
    Жаманын жакалап, макалга лакабың
    Жаныча чаптады, жактырган чардады
    Жакпаган чыдады, жадады, баалады
    Баланын чатагы — чын эле зыңк!

    Зыңк зыңк
    Мага кереги жок көп акча
    Зыңк зыңк
    Мага кереги жок тапанча
    Зыңк зыңк
    Сүйлөбөймүн сага ашыкча
    Зыңк Зыңк менде баары
    Зыңк Зыңк менде баары
    Комментарии к тексту